Энергетиктер “Алтын Балалык” реабилитациялык борборуна жардам көрсөтүштү

Энергетиктер “Алтын Балалык” реабилитациялык борборуна жардам көрсөтүштү

Кыргызстандын энергетика тармагынын кызматкерлери министр Доскул Бекмурзаевдин демилгесин колдоп, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын Балалык” медициналык-реабилитациялык комплексине жардам көрсөтүштү. Бул туурасында Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, энергетика кызматкерлери “Алтын Балалык” борборунун реконструкциялоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жасалышын колдоп, 20 тонна цемент курулуш каражатын жардам катары жөнөтүштү.

Учурда аталган мекемеде курулуш иштери кызуу жүрүп, үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүлүүсү пландалууда.

Өткөн жылы балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафонуна энергетиктер да катышып, жалпы суммасы 200 миң сом салым кошушкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>