Казакстандагы авиакүйүүчү майдын тартыштыгы: Кыргызстандан импорт соңку 3,5 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти
2025-жылдын август айында Казакстан Кыргызстандан акыркы 3 жарым жылдагы эң жогорку көлөмдө, 17,8 миң тонна, авиациялык күйүүчү май импорттогон. Бул көрсөткүч июлдагы көлөмдөн 3,6 эсе көп болуп, дээрлик негизги жеткирүүчү болгон Орусиянын (19,7 миң тонна) көрсөткүчүнө теңелген. Мындай кескин өсүш Казакстандын өз авиакүйүүчү майынын барган сайын тереңдеп жаткан тартыштыгынын фонунда болуп жатат деп билдиришти казакстандык маалымат каражаттары Улуттук статистика бюросунун маалыматына таянып.
Статистикалык маалыматтар кооптуу тенденцияны көрсөтүүдө: 2025-жылдын январь–август айларында өлкөдөгү авиакүйүүчү майдын жалпы көлөмүнөн импорттун үлүшү 27,9%га жетип, бир жыл ичинде 8,4%дык пунктка өскөн. Ошол эле маалда ички өндүрүш 2%га кыскарып, 485 миң тоннаны түзгөн, ал эми импорт 56,8%га өсүп, 188 миң тоннадан ашкан.
Август айында абал айрыкча курч болду, Казакстандын чет өлкөдөн ташылып келинген авиакеросинге болгон көз карандылыгы 42,4%га жетип, өткөн жылдын августуна салыштырмалуу 29,2%дык пунктка жогорулаган.
Кыргызстандан жеткирүүлөрдүн мындай кескин көбөйүшү адаттан тыш көрүнүш катары мүнөздөлүүдө, анткени бул жеткирүүлөр дайыма боло бербейт. Мисалы, 2024-жылдын август айында Кыргызстандан импорт таптакыр болгон эмес, ал эми 2024-жылдын августунан 2025-жылдын мартына чейин сегиз ай бою жеткирүү токтоп турган.
Аналитиктер белгилегендей, Кыргызстан өзүнүн авиациялык күйүүчү майын өндүрбөйт жана өзү да Орусиядан көз каранды. Ошондуктан августтагы рекорддук көлөм, балким, реэкспорт болушу мүмкүн, башкача айтканда, Кыргызстан кошуна Казакстандын курч муктаждыгы шартында Орусиядан сатып алган күйүүчү майдын бир бөлүгүн кайра сатып жиберген болушу ыктымал.