Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Казакстандагы кырдаал: Алматыдагы учурдагы абал
05.01.2022 | 10:11
Алматынын борборунда көпчүлүк дүкөндөр, кафелер жана банк бөлүмдөрү жабык. Ошол эле учурда көчөдө тартип сакчылары жок. Шаарда коомдук транспорт иштебейт, интернет жабылгандыктан такси чакыруу да мүмкүн болой жатат. Бул туурасында Vласть о главном телеграм каналы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Республика аянтына жакындагандарды бронетранспортерлор тосуп жатышат – алар Назарбаев көчөсүн бойлой өтүүчү жолду тосуп турушат. Желтоксан көчөсү тараптан аянтка өтүүчү жол аскер кызматкерлери тарабынан жабыганын билдирди @vlastkz телеграм кабарчысы.
Саламаттыкты сактоо министрлиги Алматыдагы окуяларда каза болгондордун саны боюнча маалыматы жок экенин, саламаттыкты сактоо департаменти жана шаардык акимчилик дагы бул маалыматты билдире элек.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар