Милиция: Майрам күндөрү өлкөдө абал тынч болду

Милиция: Майрам күндөрү өлкөдө абал тынч болду

Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрүндө Кыргызстанда олуттуу кылмыш катталган эмес. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда,  өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана кайтарууга алынган тиричиликти камсыздоочу объектилерди коргоо камсыздалды. Негизги майрамдык иш-чараларда тартипти камсыздоодо коопсуздуктун бардык деңгээлин эске алуу- жакын жердеги турак-жай секторунда, массалык иш-чаралар өтүүчү жайларда мыйзамдуулуктун жана тартиптин абалына көзөмөл кылуу болгон.

Кайгуул милициясынын посттору майрамдык иш-чаралар өтө турган жайларга жакын жерлерге жайгаштырылды. Милициясынын кезметтеринин, ыкчам-тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттө болуулары уюштурулган. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтүү үчүн укук коргоо багытындагы коомдук түзүмдөр, ыктыярдуу элдик кошуундар тартылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>