Казакстандын парламенти Кыргызстан менен түзүлгөн инвестицияларды коргоо боюнча макулдашууну ратификациялады

Казакстандын парламенти Кыргызстан менен түзүлгөн инвестицияларды коргоо боюнча макулдашууну ратификациялады

Кечээ, 22-мартта Казакстандын Сенаты Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы инвестицияларды коргоо жана өз ара колдоо боюнча макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу Казакстандын парламентинин маалымат кызматы билдирди.

Макулдашуу 2024-жылдын 19-апрелинде Садыр Жапаровдун Астана шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында кол коюлган.

Мыйзамда өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташууну чыңдоого багытталган жагымдуу режимди түзүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт. Тактап айтканда, бир тараптын инвестицияларын экинчи тараптын аймагында ишке ашыруу, ошондой эле эки мамлекеттин аймагында инвестициялык ишмердүүлүккө байланыштуу маселелерди жөнгө салуу каралган.

Келишимдин жоболоруна ылайык, инвестициялар эки тарапта тең адилеттүү жана тең укуктуу шарттарда жүргүзүлүп, ошондой эле толук коргоо жана коопсуздук менен камсыздалат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>