Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Былтыр 1 млндон ашык адам микрокредит алган. Кредиттин жалпы суммасы 65 млрд сомду түзгөн
23.05.2025 | 14:32
2024-жылы микрокредиттик уюмдардан жалпы 1 млн 114,9 миң адам 65 млрд 190 млн сомго кредит алган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды.
Өткөн жылга салыштырмалуу микрокредит алган жарандардын саны 1,5 эсе көбөйгөн, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 28,4%ке же 14 млрд 415,6 млн сомго өскөн.
Микрокредиттердин негизги бөлүгү 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө — 26 млрд 473,6 млн сом (жалпы көлөмдүн 40,6%), ал эми 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө — 22 млрд 44,1 млн сом (33,8%) берилген.
2024-жылы микрокредит алгандардын басымдуу бөлүгү — аялдар, алардын үлүшү 56,2%ти (626,3 миң адам) түзгөн.
Берилген микрокредиттердин ичинен:
- 53,7% — керектөө муктаждыктарына,
- 19,2% — айыл чарбасын өнүктүрүүгө,
- 11,9% — соода жана коомдук тамак-аш тармагына,
- 4,7% — курулушка жумшалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом