Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Казакстандын популярдуу вайнерлери каржы пирамидасын түзүүгө айыпталууда
11.02.2022 | 10:31
Казакстандын популярдуу вайнерлери Мейиржан Туребаев, Азизжан Саидбаев жана Мейирхан Шерниязов каржы пирамидасын түзүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Sputnik Казакстан Алматы шаардык сотуна шилтеме берүү менен билдирди.
Маалым болгондой, Туребаев менен Шерниязов 3 миллион теңге (7 миң доллардан ашык) күрөө менен бошотулган. Ал эми үчүнчү катышуучу качып кеткен, ал 2 айга сыртынан камакка алынган.
Алар Mudarabah capital каржы пирамидасынын капиталын түзүүгө жана башкарууга шектелүүдө.
Маалым болгондой, Мейржан Туребаевдин Instagram баракчасында 3,7 миллион, Мейирхан Шерниязовдун 1 миллион, Азизжан Саидбаевдин 500 миңден ашуун катталуучусу бар.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар