Эмдөөдөн өткөн жарандардан Кыргызстанга киргенде ПЧР-тест талап кылынбайт

Эмдөөдөн өткөн жарандардан Кыргызстанга киргенде ПЧР-тест талап кылынбайт

Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар эмдөөдөн өтүп, сертификат алган болсо, ПЧР-тесттен өтүү талап кылынбайт. Алгоритмдерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын жыйынында билдирди.

Республикага кирүүдө ПЧР-тестинин сертификатын же эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүк көрсөтүү керек болот.

Кошумчалай кетсек, 11-февралдан тарта COVID-19 менен ооруган бейтаптар менен байланышта болгон адамдарды милдеттүү түрдө изоляциялоо талабы жокко чыгарылат.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары республикада, тактап айтканда, Ош жана Талас облустарында эмдөө темпи тездегенин белгиледи.

Ошону менен бирге, ал жолугушуунун катышуучуларына республикада COVID-19 инфекциясынан тышкары, элдин жана мамлекеттик ресурстардын көңүлүн топтоону талап кылган бир катар маанилүү милдеттер бар экенин эскертти.

«Жакынкы айларда биз калкты эмдөө боюнча активдүү иш-чараларды улантабыз. Биз кыраакы болуп, кырдаалдын начарлашы ыктымалдыгына, же жаңы штаммдардын пайда болушуна даяр болушубуз керек. Биздин өлкө мурда киргизилген карантиндик чараларды кайра кароону создуктурбайт. Биз аймактагы жана дүйнө жүзү боюнча коронавирустук чектөөлөрдүн тез арада алынышына кызыкдарбыз», — деп билдирди Эдил Байсалов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>