Бишкекте оюнчук тапанча менен коркутуп, унаа жуучу жайды тоногондор кармалды

Бишкекте оюнчук тапанча менен коркутуп, унаа жуучу жайды тоногондор кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 2-февралынан 3-февралына караган түнү белгисиз адамдар Достоевский көчөсүндөгү унаа жуучу жайлардын бирине кирип, физикалык күч колдонуп, курал менен коркутуп, кассадагы акчасын жана 20 миң сомдук уюлдук телефонун алып кетишкен. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучу 4-февралда милицияга кайрылган. Бул факты Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнин РИИБге катталып, 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Октябрь РИИБнин шаардык милициясынын 4-бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылык фактысына шектелип А.А. 2003-жылы туулган М.Н. 2004-жылы туулган А.Ы. 2004-жылы туулган У.А. 2005-жылы туулган Ж.И. 2004-жылы туулган А.Н. 2006-жылы туулгандар кармалышкан. Алар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазат басма сөз кызматы.

Ошондой эле, кармалгандар милиция кызматкерлерине оюнчук тапанча жана уюлдук телефонду өз ыктыяры менен беришкени айтылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>