Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Казакстандын Түркстан облусу айыл чарба дрондорун чыгара баштайт
03.07.2025 | 16:30
Казакстандын Түркстан облусунун Сауран районунда айыл чарба дрондору чыгарыла баштайт. Бул тууралуу аталган облустун акимчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул долбоор Түркстан облусу менен кытайлык “Avatar agricultiral technology development” ишканасынын ортосундагы айыл чарба дрондорун чыгаруучу завод ачуу келишиминин негизинде ишке ашууда.
Долбоордун болжолдуу баасы 5 миллион долларды түзөт. Завод айына 600 дрон чыгарууга жөндөмдүү болору айтылды.
“Кытайлык инвестор өндүрүшкө керектүү техникаларды жеткире баштады. Келечекте өндүрүштүн басымдуу бөлүгүн роботтор аткарат деп күтүлүүдө. Завод ишке киргенден кийин айыл чарба дрондору бардык аймактарга жеткириле баштайт”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар