Кеңешбек Дүйшөбаев: Камчы Көлбаев эртең же бүрсүгүнү эркиндикке чыгат

Кеңешбек Дүйшөбаев: Камчы Көлбаев эртең же бүрсүгүнү эркиндикке чыгат

Кримтөбөл Камчыбек Көлбаев эртең же бүрсүгүнү бошотулат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн, 27-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул ыкчам маалымат чечимди Бишкек шаардык соту чыгарат.

Ошондой эле, ал Көлбаевдин кармалышы жөнүндө айтып, бул азыркы бийликтин пиары экенин белгиледи.

«Эгерде Көлбаев эч кимге зыян келтирбесе, кылмыш дүйнөсү өз талаптарын азыркы өкмөткө коймок да», — деди Дүйшөбаев.

Эки апта мурун Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын кечээ, 26-октябрда Reporter.kg`ге тастыктаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>