“Келечек” турнири: “Дарыгерлер” командасы 1-орунду алды
Жалпысынан ар тармактагы 35 жашка чейинки кызматкерлерден түзүлгөн 8 команда (мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, мугалимдер, журналисттер, өнөр адамдары, блогерлер жана ишкерлер) катышып 1-орунга “Дарыгерлер” командасы 2:1 эсебинде “Журналисттер” командасын жеңип байгелүү орунга ээ болду.
Ал эми 3-орун үчүн “Мамлекеттик кызматкерлер” командасы менен “Өнөр” командасы ат салышып, аталган орун “Өнөр” командасы камсыздай алды.
Турнир Бишкек шаарында 2022-жылдын 5-мартында “Газспром балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда өттү.
Жалпы байге фонду:
1-орун “Дарыгерлер” 50 миң сом байге
2-орун “Журналисттер” 30 000 сом
3-орунду “Өнөр” 20 000 сом командасы алса,
4-орунга “Мамлекеттик кызматкерлер” командасы 10 000 сом байге алышты.
Мындан тышкары:
“Мыкты оюнчу”- Мирлан Кубанычбеков (Дарыгер командасы);
Мыкты бомбардир” – Бекболсун Молдояр уулу (Блогерлер командасы);
“Мыкты дарбазачы” – Азат Сагынов (Мамлекеттик кызматкерлер командасы);
“Мыкты коргоочу” – Адилет Султаналиев (Өнөр командасы);
“Мыкты күйөрман” – Темирлан Ишенов номинациялары берилди.
Аталган турнир эстафета катары Ош шаарына узатылды.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Келечек” турнирин өткөрүүгө салым кошкон өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирет.