Украина-Орусия: Кыргызстан сүйлөшүүгө аянтча болууга даяр

Украина-Орусия: Кыргызстан сүйлөшүүгө аянтча болууга даяр

Кыргызстан Орусия менен Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн аянтча болуп берүүгө даяр. Бул тууралуу Москва шаарына расмий сапар менен барган Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Ал орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолуккан соң министрлер журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

«Украинадагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып турабыз. Биринчиден, бул конфликт бир тууган элдердин ортосунда болуп жатканы өкүнүчтүү. Тилекке каршы, курмандыктар болду. Дүйнө катастрофа алдында турат. Эгер ал болуп кетсе, биздин цивилизация бутуна туруп кете алат деген кепилдик жок. Тараптарды конфликтини улантууга эч убакта түртмөлөбөшүбүз керек», — деди Казакбаев.

Ошондой эле министр бул конфликтиде Орусия дагы, Украина дагы жабырлануучу экенин айтты.

«Бишкектин ортомчулук боюнча тажрыйбасы бар. 1994-жылы бизде Армения менен Азербайжандын жетекчиликтери Карабахтагы ок атышууну токтотуу боюнча протоколго кол коюшкан. Ал эми 1997-жылы Тажикстандын расмий бийлиги менен биргелешкен оппозициялык көчтөрү саясий маселелер боюнча бир пикирге келишкен. Андыктан Бишкек Россия менен Украинага да аянтча болуп берүүгө даяр», — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>