Кайра шайлоо: Элнура Алканова Фарида Талипованын үстүнөн арыз жазды

Кайра шайлоо: Элнура Алканова Фарида Талипованын үстүнөн арыз жазды

№29 Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Элнура Алканова Бишкек шаардык милицияга Фарида Талипованын үстүнөн арыз жазды. Бул туурасында Алканова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, дүйшөмбү күнү Башкы прокурор жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине арыз жазат. Ошондой эле Коопсуздук Кеңешине да бул маселе боюнча жеке көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен кайрылат.

Алканова арызында, Фарида Талиповага жана Талипованы массалык маалымат каражаттары аркылуу атайылап жалган жалаа жабууга даярдоого катышкандарга чара көрүп, Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси менен («Кылмыш жөнүндө билип туруп жалган билдирүү таратуу») жоопко өтүнүчү менен кайрылган.

Буга чейин “24.kg” маалымат агенттигине Фарида Талипова аттуу жаран шайлоо маалында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Элнура Алканованын атын атап, добуш сатып алууга акча каражатын бергенин айтып чыккан болчу.

Кайра шайлоо. Пара алууга шектелген жаранга 210 миң сомду Алканова берген

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>