Кыргызстандын министрлер кабинети 2025-жылга чет элдик жарандар үчүн жумуш квотасынын санын бекитти. Ал менен өлкөгө канча чет өлкөлүк келип иштей ала турганы аныкталат.
Маселен Бишкекте 12 миң 850 чет элдикке, Ош шаарында 845, ал эми жалпы өлкө боюнча 25 миң чет мамлекеттин жаранына иштөөгө уруксат берилет.