Келиндерди сойкулукка мажбурлаган топ кармалды

30.12.2020 | 12:37

Түркиянын Конья шаарында сойкулук иштерин уюштурган беш кишиден турган топ кармалды.

Түркиялык Hürriyet басылмасы билдиргендей, бул топ коркутуу жолу менен 12 аялды сойкулукка мажбурлаган деп шектелүүдө. Тинтүү учурунда алардын жанынан 2 тапанча жана маңзат алынган. Туткундан куткарылган аялдардын 11и Өзбекстан, бирөө Түркия жараны болгон.

Иликтөө учурунда белгилүү болгондой, кармалган өзбекстандык аял кыз-келиндерге жумуш убада кылып, алардын паспортторун алып коюп, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган.

Конья шаарынын Миграция департаменти сексуалдык кулчулуктан бошотулган 11 өзбекстандык келинди мекенине жөнөтүү иштери менен алектенүүдө.

Scroll to Top