Жалаб-Абад облусунун Кербен шаарындагы ооруканада чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, саат 11:23тө толук өчүрүлдү.
Алдын ала маалымат боюнча, ооруканадан 72 жаран эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз