Франциялык компания Бишкектин беш конушуна мончо курат

Франциялык компания Бишкектин беш конушуна мончо курат

Франция Бишкек шаарындагы беш конушту өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов франциялык Group Hit компаниясынын консультанттар тобунун жетекчиси Гийом Жосст менен жолукту. Жолугушууда Ак-Босого, Калыс-Ордо, Арча-Бешик, Бакай-Ата жана Рухий Мурас конуштарын өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу талкууланды.

Анда №16 МАБ боюнча Ак-Босого, Калыс-Ордо конуштарында ирригация маселелерин чечүү, жабык жана ачык коллектордук дренаждык тармактарды куруу долбоорлорун иштеп чыгуу талкууланды. Ошондой эле, бизнес долбоорду ишке ашыруу, тактап айтканда, муниципалдык мончолорду куруу маселеси көтөрүлдү.

Жыйынтыгында Максатбек Сазыкулов мындан аркы кызматташууга жана көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Консультанттар жеринде эки конуштун жашоочулары менен жолукту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>