«Керемет Банк» АКШныкынан кийин Улуу Британиянын санкциясына туш болду

«Керемет Банк» АКШныкынан кийин Улуу Британиянын санкциясына туш болду

Улуу Британия 24-февралда Россияга каршы санкция салганын, ал соңку үч жылдагы эң ири санкция экенин жарыялады. Санкцияга Россияга мурда киргизилген чектөөлөрдү айланып өтүүгө кол кабыш кылгандар кабылганы айтылды.

Санкцияга туш болгон компаниялардын арасында Кыргыстандагы «Керемет Банк» да бар. Улуу Британиянын бийлиги аталган банкты Россияга санкциялардан кыйгап өтүүгө көмөктөшкөн деп айыптоодо.

«Керемет Банк» менен катар санкцияга Кыргызстанда катталган «Рама Групп» ЖЧКсы да кабылды. Бул компания 2023-жылы февралда катталып, 2024-жылы майда кайра каттоодон өткөн. Ал чет элдиктердин катышуусуна түзүлгөн. Компания дүң соода-сатык менен алектенет.

Эскерте кетсек, быйыл январдын ортосунда АКШнын Каржы министрлиги «Керемет Банкка» санкция салган. Ага банктын Россиянын «Промсвязьбанкына» санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшкөнү себеп болгону айтылган. Ошондой эле былтыр банктын 75%ын сатып алган чет элдик компания россиялык олиграх менен байланышы бар экени кабарланган.

«Керемет Банк» алардын санкцияга кабылганы ишине таасир этпей турганын, кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин толук кандуу аткара берерин билдирген.

Ошондой эле АКШнын Каржы министрлигине аталган чечим боюнча даттануу жөнөткөнүн кабарлаган.

31-январда DemirBank «Керемет Банкка» акча которууларды токтоткон.

Россия 2022-жылы 24-февралда Украинага кол салгандан кийин дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн санкциясына туш болгон. Ал гана эмес Россияга чектөөлөрдү айланып өтүүгө кол кабыш кылган компаниялар да санкцияга кабылууда.

«Керемет Банк» ААКсы «Элкарт» банкоматтарынын өнөктөштүк тармагынан чыкты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>