Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Лицей директорлугуна ат салышкан талапкерлердин үчөө гана тесттен өттү
18.10.2023 | 09:22
Башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына 138 талапкерлер тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Сынакка катышкандардын 24ү кесиптик орто билим берүү жайларын жетектөөгө, 114ү кесиптик лицейди башкарууга ат салышты.
Алар Кыргызстандын мыйзамдары, башкаруу менежменти, психология-педагогика жана өз адистиги боюнча суроолорго жооп беришти.
Тапшыргандардын 3,6 пайызы, 5 талапкер гана босого баллдан өтө алышты. Анын үчөө кесиптик лицейге, экөө орто билим берүү жайга директор болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом