Карындашына ыдык көрсөткөн адамды атып салган жаран абактан бошотулду (видео)

Карындашына ыдык көрсөткөн адамды атып салган жаран абактан бошотулду (видео)

Былтыр Токмок шаарында карындашына ыдык көрсөткөн кишини пневматикалык тапанча менен атып салган адам пробация менен абактан бошотулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров бирдирди.

Чүй облустук соттун 17-октябрдагы өкүмү менен, жабырлануучу тарап менен макулдашуу бар экени эске алынып, С.Жумакуловго 123-берене (аффект абалында адам өлтүрүү) боюнча 1 жылдык пробация белгиленип, эркиндиктен ажыратуу жазасынан бошотулган. Ал сот залынан кое берилген.

Эске салсак, окуя 2022-жылы 1-июлда саат 8:30 чамасында Бишкек — Торугарт жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон. Анда карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы травматикалык курал менен атып салган. Ал алган жараатынан каза болгон.

Иш Чүй райондук сотунда каралып, быйыл июль айында айылталуучу Жумакулов «аффект абалында адам өлтүрүү» беренеси боюнча 3 жылга эркинен ажыратылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>