Өзбекстанда бир жашар баласын 17 миң долларга сатууга аракет кылган аял кармалды

Өзбекстанда бир жашар баласын 17 миң долларга сатууга аракет кылган аял кармалды

Өзбекстандын Сырдарыя облусуна караштуу Гулистон шаарында бир жаштагы баласын сатууга аракет жасаган келин кармалды. Бул тууралуу Өзбек басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 21-июлда Улуттук коопсуздук кызматынын Сырдарыя облустук башкармалыгы өткөргөн ыкчам иш-чаранын алкагында бир жашар баласын сатууга аракет жасаган 25 жаштагы аял кармалган.

Ал баласы үчүн 17 миң доллар алып жаткан учурда кармалган.

Бул факт боюнча Сырдарыя облустук ички иштер башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>