28-октябрда өлкө аймагында аба ырайы кандай болот?

28-октябрда өлкө аймагында аба ырайы кандай болот?

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 28-октябрда  Ош облусунун тоо этектеринде, Баткен, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,

Таласта түнкүсүн 1…4, күндүз 14…19,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14,

Бишкекте эртең күндүз жаан чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 17…19° градус жылуу болуп, скундасына 4-9 метрге жеткен шамал жүрүп турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>