Анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жете электер коомдук иштерге тартылмай болду

Анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жете электер коомдук иштерге тартылмай болду

Анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жете электерди эми коомдук иштерге жана түзөтүү жумуштарына тартылат. Бул тууралуу 26-февралда өткөн Жогорку сотунун Пленумунда кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, Пленумдун күн тартибинде “Жаза дайындоо боюнча соттук тажрыйба жѳнүндѳ” Жогорку соттун Пленумунун токтому бир добуштан  кабыл алынган.

“Бул кабыл алынган токтомго  ылайык, 16 жашка чейинки куракта биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жете элек соттолгондорго карата эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза аны пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу жазадан бошотуу шарты менен гана дайындалат. Андыктан, биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жете элек адамга жазаны дайындоодо соттор 107-109-беренелерде көрсөтүлгөн эркиндигинен ажыратуу жазасына альтернативдүү негизги жазалардын түрлѳрүн, тактап айтканда коомдук иштерди, түзөтүү жумуштарын жана айыпты колдонуусу зарыл”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>