Чүйдө тургун өз энесине бензин чачып тирүүлөй өрттөп жиберди

Чүйдө тургун өз энесине бензин чачып тирүүлөй өрттөп жиберди

Чүйдө тургун өз энесине бензин чачып тирүүлөй өрттөп жиберди. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-мартта Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 81 жаштагы З.Р. атуу аялдын жансыз денесин табышкан.

Факты боюнча”адам өлтүрүү” беренеси менен иш ачылып, маркумдун 44 жаштагы уулу шектүү катары кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал кылмышты моюнуна алып, апасына бензин чачып өрттөп жибергендигин айткан.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда кармалган адам  психологиялык жактан жабыркайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>