Чек ара чыры: Он күн мурун Баткенге барган аскер каза болду

Чек ара чыры: Он күн мурун Баткенге барган аскер каза болду

Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжал учурунда каза болгон аскер Эсентур Кубанычбек уулу он күн мурун Нарындан барган. Бул тууралуу анын досу билдиргенин «super.kg» жазды.

Анын айтымында, аскер кызматкери Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 1991-жылы туулган. Эсентур Кубанычбек уулу Д.Асанов атындагы аскердик лицейин бүтүрүп, андан кийин Орусиядан билимин жогорулатып келген. Ал үй-бүлө кура элек болгон.

«Эсентур Нарындагы чек ара заставаларынын биринде жетекчисинин орун басары болуп иштеп жүргөн. Ал Баткенге 10 күн мурун кеткен. Ал мекен дегенде жанын бергенге даяр бала болчу, Нарында акыркы эки жылдан бери иштеп жүргөн. Ал үч бир тууган, агасы жана карындашы бар. Анын сөөгү Бишкекке алынып келе жатат. Эсентур 30-апрелге караган түнү кызматын аткарып жатып каза болду», — деген досу.

«Репортёрдун» эмгек жамааты Эсентур Кубанычбек уулунун жакындарына жана кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>