Исфанада бензин 45 сом 50 тыйындан сатылууда

Исфанада бензин 45 сом 50 тыйындан сатылууда

Учурда Исфана шаарындагы май куйуучу жайларда  кезек күткөн унаалар жок, бензин 45 сом 50 тыйындан сатылууда. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соңку эки күн ичинде Исфана шаарындагы күйүүчү май тартыштыгы орун алган май куйуучу жайларга, күйүүчү май жеткирилип, тартыштык жөнгө салынды.

Ал эми Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынган. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын берген маалыматына ылайык, бүгүн 3-мартка карата райондо күйүүчү майдын жалпы запасы 808 миң 410 литрди түздү. Анын 589 миң 060 литри солярка, 41 миң  750 литри Аи-80, 170 миң 600 литри Аи- 92, 7 миң литри Аи-95 маркасындагы бензин.

“Белгилей кетсек бул күндөрү соляркага муктаждык болгон жок, дээрлик бардык май куйуучу жайларда солярка жетиштүү болду, жазгы талаа жумуштарына кедергеси тийген жок”, — деп айтылат маалыматта.

Тартыштык негизинен Аи-92 маркадагы бензинге болгон. Күйүүчү майдын тартыштыгына Бишкектеги базадан аз өлчөмдө чыгуусу себеп экени, баасынын жогорулоосуна Россия мамлекетинде, жалпы эле дүйнөлүк рынокто баа жогорулаганы менен салыштырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>