Москвада уюштурулган ооз ачарга 500гө жакын кыргызстандык катышты

Москвада уюштурулган ооз ачарга 500гө жакын кыргызстандык катышты

Муфтияттын Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарында Рамазан чатырын уюштурушуп, ага 500гө чукул жаран катышты. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Муфтияттын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин демилгеси менен  Москва шаарында эмгектенген мекендештерге, диаспора өкүлдөрүнө Рамазан чатыры уюштурулуп, саамалыкка Орусиядагы элчинин орун басары Айдит Эркин, Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү катышкан.

Рамазан чатырына жалпысынан 500гө чукул кыргызстандык катышып, ооз ачышкан.

“Рамазан чатырынын алкагында пайгамбарыбз (САВ) улукталып, Манас айтылып, ыйык айдын урматына карата атайын программалык салтанаттар уюштурулуп, куттуктоолор айтылды”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>