Муфтий каза болгон дин аалымынын үй-бүлөсүнө акчалай жардам берди

Муфтий каза болгон дин аалымынын үй-бүлөсүнө акчалай жардам берди

Муфтий Максатбек  ажы Токтомушев маркум Садридин ажы Маджитовдун үй-бүлөсүн 200 миң сом  жардам көрсөттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, муфтий жакын санаалаштары менен бирге маркумдун үйүнө зыяратка барып,  үй-бүлөсүнөн кабар алган.
Мындан тышкары 200 миң сом жардам катары беришкен.

«Аалымдар пайгамбардын мураскору. Биз үчүн оор жоготуу жана орду толгус кайгы болду. Сабыр кылыңыздар. Кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз. Алла Таалам насип этсе  Садридин ажынун уулу атасындай мыкты ааламдардан болот деп үмүт кылабыз”, — деген муфтий.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>