Ош-Бишкек унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болду

Ош-Бишкек унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болду

Ош-Бишкек унаа жолунун 516—чакырымында жол кырсыгынан эки аял каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмү билдирди.

Окуя 2-октябрда Ноокен районунун  Бостон айылында катталган. Анда «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен «Хонда-CRV» үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. «Хонда-CRV» үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан Ноокен айылынын З.С. аттуу тургуну каршы тилкеге чыга калган. Ал эми «Дэу-Матиз» унаасын  Ош багытын көздөй бара жаткан Майлуу-Суу шаарынын Д.Г. аттуу тургуну башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана аял жүргүнчүсү алган жаракатынан улам жол кырсык болгон жерден мүрт кеткен. Ошол эле унаанын дагы бир жүргүнчүсү — 1981-жылы туулган К.М. жана «Хонда-CRV2» унаасынын айдоочусу З.С. Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда жол кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>