Ош облусунун прокуратурасынын кызматкери Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыгарылды

Ош облусунун прокуратурасынын кызматкери Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыгарылды

Көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурган деп шектелип кармалган Ош облусунун прокуратурасынын кызматкери Улукбек Өмүрзаковдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу адвокат Назгүл Сүйүнбаева билдиргенин 24.kg жазды.

Анын айтымында, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган. Улукбек Өмүрзаков эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду.

2020-жылдын ноябрь айында Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Улукбек Өмүрзаков Ош шаарында кармалган. Ал көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алган деп шектелүүдө.

Улукбек Өмүрзаков Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаковдун бир тууганы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>