Таласта 37 үйдү суу каптады

Таласта 37 үйдү суу каптады

Талас облусунунда 37 үйдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунда саат 18:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары Түйтө каналына батпай Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылында жайгашкан 37 турак үйдүн короосун, Талас районунун Бердике айыл аймагынын болжол менен 70 гектар айдоо жерин каптаган.

Жерине айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 2 трактор, жергиликтүү тургундардан 50 киши, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жана айыл аймактан 15 кызматкер тартылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>