Баасы кымбат “тез жардам” унаасынын бири бузулуп жолдо калды – видео

Баасы кымбат “тез жардам” унаасынын бири бузулуп  жолдо калды – видео

Саламаттык сактоо министрлиги жаңы сатып алган 13 «тез жардам» унаасынын бири Боом капчыгайында бузулуп калды. Бул көрүнүштү окуянын күбөлөрү видео тартып алып, социалдык тармактарга жүктөгөн.

Күбө жаңы сатылып алынган унаанын артынан келе жатканын айтып, жолдо-ката бузулуп жатканына күбө болгонун баяндайт.

Ал тартып алган видеодо “тез жардамдын” айдоочусу унааны жолдун четинде токтотуп алып, оңдоп жатканын көрүүгө болот.

Белигилей кестек, 13 медициналык «тез жардам» унаасын сатып алууга 764 900 доллар сарпталган.  10 унаанын баасы 49 миң доллардан айланса,  3 Форд Транзит үлгүсүндөгү ар бир унаанын баасы 90 миң доллардан туура келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>