Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы Болгарияны жеңди

София шаарында өтүп жаткан хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын улуттук курама командасы Болгариянын курамасын 5:3 эсебинде жеңди.
Бул Кыргызстандын экинчи дивизиондогу (B тайпасы) алгачкы беттеши. Оюндун жүрүшүндө Ислам Абдыраев үч шайба киргизип, хет-трик жасады.
Шайба киргизген оюнчулар жана ассистенттер:
- 1:0 — Мамед Касабеков (00:32);
- 2:0 — Ислам Абдыраев (02:18), ассистенттер: Михаил Чувалов жана Александр Титов;
- 3:0 — Ислам Абдыраев (03:10), ассистент: Максим Егоров;
- 4:1 — Артем Кузьмич (18:41), ассистенттер: Георгий Фитисенко жана Евгений Мирнов;
- 5:2 — Ислам Абдыраев (20:25), ассистент: Антон Кудашев.
Улуттук курама команданын машыктыруучулар штабы бул жеңиш команданын эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн далилдерин билдирди.
Болгариянын София шаарында өтүп жаткан чемпионат 12-апрелге чейин созулат. Бүгүн, 7-апрелде, Кыргызстандын командасы Кытай Тайбэйи менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы менен саат 13:30да башталат.
Хоккей федерациясы жарандарды команданын оюндарын байкап турууга, трибуналарда жана социалдык тармактарда колдоо көрсөтүүгө чакырат.