Хоккей боюнча олимпиада чемпиону Андрей Зубарев Кыргызстанга келди

05.09.2025 | 17:01

Кыргызстанга биринчи жолу хоккей боюнча олимпиада жана дүйнө чемпиону Андрей Зубарев келди. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчу өлкөгө балдар жана өспүрүмдөр командалары арасында өтүп жаткан «Манас Кубогу» эл аралык турнирине байланыштуу келген.

Хоккей федерациясынын вице-президенти Асель Абдыгулованын айтымында, Зубаревдин алгач Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаш хоккейчилерине мастер-класстарды өткөрөт.

Аталган мастер-класска Ысык-Көл облусунун Отрадное айылынан чыккан «Шапак» клубунун оюнчуларынан турган Кыргызстандын хоккей боюнча аялдар курамасы да катышат. Жакын арада алар Нью-Йорктогу 40+ категориясындагы аялдар командалары арасында өтө турган Кубокко катышат.

Ошондой эле Андрей Зубарев өлкөдөгү хоккей клубдары менен жолугушууларды өткөрүп, аймактардагы хоккейдин өнүгүшү менен таанышат.

Scroll to Top