Ысык-Көлдө изделип жаткан 22 жаштагы Т.Э. аттуу жаран табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал Бишкек шаарынан Булан-Сөгөттү айылана бара жаткан.
Маалым болгондой 24-январь күнү Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде аталган жаранга таандык паспорт, кийимдери, сумкасы табылган. ӨКМ менен жергиликтүү милиция дароо жарандын өзүн издей баштаган. Ал өйдөдө белгилүү болгондой жолдо бара жаткан учурда аман-эсен табылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз