Аселдин мурду-кулагын кескен мурдагы күйөөсү 20 жылга соттолду (видео)

Аселдин мурду-кулагын кескен мурдагы күйөөсү 20 жылга соттолду (видео)

Асел Ногойбаеванын кулагы-мурдун кескен мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов жалпы 20 жылга абакка кесилди. Мындай өкүмдү Сокулуктун райондук соту чыгарды.

Эскерте кетскек, буга чейин Эстебесов «зордуктоо» иши 8 жылга соттолгон. Андан тышкары «адам өлтүрүүгө аракет кылуу», «зордуктоого аракет кылуу» жана «ден соолукка оор залал келтирүү» беренелери боюнча айыпталып жаткан. Бул кылмыштар баарын кошуп, ага жалпы 20 жылдык жаза берилди.

Ошондой эле Эстебесов Асел Ногойбаевага моралдык зыян катары 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын (Асел Ногойбаеваны) сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган.

Кийинчерээк аталган жаран мурдагы аялын (Асел Ногойбаеваны) зордуктаганы үчүн Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга абакка кесилгени, ошол эле учурда сот ага пробация колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуп жибергени белгилүү болгон. Жабыркаган аял райондук соттун чечими менен макул болбой, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

27-сентябрда облустук сот зордуктоо боюнча ишти карап, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыраткан. Белгилей кетсек, зордуктоо 2023-жылы 31-январда сентябрдагы каргашалуу окуяга чейин болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>