Кыргызстан Кытай компаниясын Францияда сотто утуп алды

Кыргызстан Кытай компаниясын Францияда сотто утуп алды

Кыргызстан Кытайдын China Road компаниясын эл аралык арбитражда утуп алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында транспорт министри Тилек Текебаев билдирди.

Депутат Шайлообек Атазов «Түндүк-Түштүк» альтернативдүү жолун курууга Кытайдан 1 миллиард 100 миллион сом насыя алынганын, аны ишке ашыруу China Road компаниясына берилгенин белгиледи.

“Жол 2022-жылы эксплуатация берилгени менен азыр деле иштебейт жана көчкүлөр түшүп жатат. Компания салыктан бошотулган. Анын өкмөткө зыяны 500 миллион долларга бааланат”, — дейт эл өкүлү.

Тилек Текебаевдин айтымында, Кыргызстан аталган компанияга каршы доо арыз менен кайрылганын маалымдады.

“Франциянын талаш тартышты жөнгө салуу боюнча кеңеши арызды карап, биз 1,8 миллион доллар утуп алдык. Андан тышкары, “Бугам банк” бизге банктык кепилдикти төлөбөй жаткан. Алар менен жазышып жатып, 600 миллион доллар төлөттүк. Жыл аягына чейин дагы 3,4 миллион доллар төгүш керек. Финансалык уюмдун өзүн кара тизмеге киргиздик ”, — деди министр.

Шайлообек Атазов China Road менен келишим түзгөн мамлекеттик кызматкерлердин дагы жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Кытайдын аталган компаниясы менен «Түндүк-Түштүк» альтернативдүү жолу боюнча келишим 2014-жылы түзулгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>