Курулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдүКыргызстан жерлерди калыбына келтирүү боюнча эл аралык программага кошулдуКытайлык компания Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодоБишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдү
Кийим дүкөнүн жарнамалаган министр боюнча текшерүү башталды
05.07.2024 | 10:40
Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков Ташкенттеги кийим дүкөндөрүнүн биринин жарнамалык ролигине тартылган. Ал социалдык тармакта кызуу талкуу жаратып, аткаминер сынга кабылды.
Дүкөн көп өтпөй видеону өчүргөн. Ага карабай Өзбекстандын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана кардарлардын укугун коргоо комитети Озодбек Назарбеков катышкан жарнаманы текшерип баштады.
Мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамдын 13-беренесинде аткаминерлер өзүнүн милдеттеринен сырткары, педагогикалык, илимий-чыгармачылык иш менен гана алектене алат. Белгилей кетсек, бул талап Кыргызстандын мыйзамдарында дагы бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом