Чолпон-Атада ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмеси өттүИспания менен Аргентина футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында беттешетБУУ: Жол кырсыктары Кыргызстанга жыл сайын 372 млн доллар чыгым алып келетАдвокат 4 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды19-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +43°С чейин көтөрүлөтКөчөдө эркек кишини сабаган деп шектелген жаран Бишкекте кармалды
Кийим дүкөнүн жарнамалаган министр боюнча текшерүү башталды
05.07.2024 | 10:40
Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков Ташкенттеги кийим дүкөндөрүнүн биринин жарнамалык ролигине тартылган. Ал социалдык тармакта кызуу талкуу жаратып, аткаминер сынга кабылды.
Дүкөн көп өтпөй видеону өчүргөн. Ага карабай Өзбекстандын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана кардарлардын укугун коргоо комитети Озодбек Назарбеков катышкан жарнаманы текшерип баштады.
Мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамдын 13-беренесинде аткаминерлер өзүнүн милдеттеринен сырткары, педагогикалык, илимий-чыгармачылык иш менен гана алектене алат. Белгилей кетсек, бул талап Кыргызстандын мыйзамдарында дагы бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом