Кикбокс: Авазбек Аманбеков менен Рустам Ибрагимов Түркияда алтын байге утту

Кикбокс: Авазбек Аманбеков менен Рустам Ибрагимов Түркияда алтын байге утту

Кыргызстандык кикбоксинг боюнча спортчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

“Turkish Open Kickboxing European Cup”турнири 8-11-апрель күндөрү Анталия шаарында өтүп, 20 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышыкан. Эл аралык мелдеште Кыргызстандын кикбоксинг боюнча спортчулары 3 алтын 1 коло жеңишти.

Алтын медалды дүйнөнүн эки жолку чемпиону Авазбек Аманбеков (60 кг), Дүйнө кубогунун ээси Рустам Ибрагимов (63,5 кг) жана юниорлор арасында 51 кг чейинки салмакта Марат Мусаев тагынышкан. Ал эми коло байгенин ээси болуп Ахрор Розбаев таанылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>