Ким жарандыктан чыга албайт жана дароо аны жоготот. Мыйзамга өзгөртүү сунушталды

Ким жарандыктан чыга албайт жана дароо аны жоготот. Мыйзамга өзгөртүү сунушталды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «КРнын жарандыгы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү сунуштоодо. Долбоор Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Ага ылайык Кыргызстандын аймагында төрөлгөн баланын ата-энесинин жок дегенде бирөө этникалык кыргыз болсо, анын өлкөнүн паспортун алуу мүмкүнчүлүгү бар. Азыркы мыйзам боюнча ымыркайдын ата-энесинин улутуна карабай бирөө кыргыз жараны, же жарандыгы жок болушу, болбосо ата-энесинин мекени балага паспорт берүүдөн баш тартышы керек.

«Бул этностук кыргыздардын жарандыгы жок балдарды минималдаштырууга мүмкүндүк берет», — дейт министрлик.

Мыйзамдын 25-беренесине толуктоо киргизилип, эми улуттук коопсуздукка каршы келген учурда айрым адамдарга жарандыктан чыгууга жол берилбейт.

«Бул жаран оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча жазык иши боюнча күбө, шектүү, жабырлануучу же айыпталуучу болуп өткөн учурлар, б.а. жарандыктан чыгууга соттун чечими чыкканга чейин жол берилбейт», — деп түшүндүрөт министрлик.

Долбоор боюнча кыргыз жарандарына чет мамлекеттин аскердик кызматында, укук коргоо органдарында же атайын кызмат органдарында иштөө тыюу салынат. Бул норма Кыргызстанда төрөлбөй, жарандыкты кийин алгандарга тийиштүү. Алар жана улуттук коопсуздука коркунуч келтиргендер укук коргоо органдарынын өтүнүчү жана атайын комиссиянын бүтүмү менен кыргыз паспортунан айрылат.

Тэги: жарандык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>