Кипрдин университеттери кыргыз жарандарына 2024-2025-окуу жылына окуу үчүн 17 стипендия тартулайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Анын ичинен 11 стипендия бакалавр даражасын, 6 стипендия магистр даражасын алууга багытталган.
University of Cyprus 70 пайыз стипендия, Open University of Cyprus 100 пайыз акысыз, Frederick University – 50-100 % акысыз, UCLAn Cyprus – 50 пайыз жеңилдик, University of Limassol – 100 пайыз акысыз, American University of Beirut – Mediterraneo –100 пайыз акысыз окууну сунуштайт.
Кененирээк министрликтин жана окуу жайлардын сайтынан билүүгө болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз