Абдибаева сөздөрү атайылап бурмаланганын айтып, УКМКга кайрылганын билдирдиНарын шаарында инновациялык-креативдик борбор ачылдыКаракол шаарында жапон маданиятынын күндөрү өтөт«Өмүр менен өлүмдүн ортосунда»: Эдуард Кубатов — К2, Эверест жана элес тууралууСурабалдиева депутаттарга орой мамиле кылган чиновниктерге нааразы болдуКыргызстанда жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт
Кыргызстан Италия менен банк жана салык боюнча кызматташмакчы
05.03.2024 | 20:00
Кыргызстан Италия менен банк жана салык боюнча кызматташмакчы. Бул тууралуу Италиядагы элчи Таалай Базарбаевдин Италиянын экономика жана каржы министринин дипломатиялык кеңешчиси Стефано Белтраме менен жолугушуусунда айтылды.
Элчи банктык-финансы тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде Кыргызстан менен Италиянын банктарынын ортосунда түз өз ара аракеттенүүнү орнотууну талкуулады.
Ошону менен бирге, италиялык тарапты салык тармагындагы кызматташууну активдештирүү зарылдыгына көңүл бурулду.
С.Белтраме кыргыз тарап менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки тараптуу кызыкчылык туудурган кызматташтыкты илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика