Депутаттар кыргыз-өзбек чек арасындагы газ сактоочу жайды карап чыкмакчы

Депутаттар кыргыз-өзбек чек арасындагы газ сактоочу жайды карап чыкмакчы

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусундагы «Түндүк Сох» жана «Чонгара-Галча» газ кендерин барып көрмөкчү. Мындай демилгени парламенттин отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин жыйынында депутат Марат Мураталиев көтөрдү.

Ал аталган кен жайлары боюнча ар кандай маалыматтар бар экенин айтты.

«Бир тараптан Тажикстан, бир тараптан Өзбекстан соруп кетип жатат деп айтышат. Газ барбы -жокпу? Барып көрүп келсек жакшы болмок», — деди ал.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, «Түндүк Сох» газ сактоочу жайын Өзбекстан менен биргеликте иштетүү боюнча келишим түзүлгөн.

«Бирок азыр кошуналардын өздөрүндө тартыштык болуп жатат. Түрк компаниясы менен келишим бар. Алар июль айында ишке киргизет. Жабдууларын алып келишти. Ай жерде газ бар экенин айтышууда», — дейт министр.

Белгилей кетсек, «Түндүк Сох» жана «Чонгара-Галча» кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан. Чек араны делимитациялоодон кийин аны биргеликте колдонуу чечими кабыл алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>