Киши өлтүргөн адам темир тор артындагы жашоосун айтып, жаштарга кеңеш берди

26.09.2025 | 18:58

Reporter.kg’нин журналисттери Жазаларды аткаруу кызматынын бир нече түзөтүү мекемеси жайгашкан Чүйдүн Молдовановка айылындагы жатак абакта болушту. Ал жерде биз 2017-жылы киши өлтүргөнү үчүн соттолгон Адилет (аты өзгөртүлгөн) менен тааныштык. Адилеттин айтымында, кырсык ал мас кезинде болгон. Аны менен таанышынын ортосунда чыр чыгып, алар мушташа кетишкен. Натыйжада таанышы өлүп, ал кармалып, соту өтүп, анан түрмөгө түшкөн.

Адилет бардыгына эмоциялардын үстөмдүгү күнөөлүү болгонун эстейт. Андан ары бардыгы коркунучтуу түш сыяктуу болгон. №27 түзөтүү мекемесинде ал 8 жыл отурган. Башында ага ал жердеги режимге көнүү кыйын болгон, ал жакындарын аябай сагынган.

“Албетте, өкүнүү болгон, бирок өткөндү кайрып келе албайсың, кеч болуп калган. Артка барууга мүмкүн болсо, мен башкача кылмакмын. Башында (түрмөдө) кыйын болду, бардыгы өз тартиби менен. Тартип боюнча, ичиндеги устав боюнча жашаш керек болду. Эркиндик жетишпей жатты, жакындарыман алыс болдум, каалаганыңды кыла албайсың. Бардыгы ички режимдин чегинде болду. Милдеттүү түрдө жасашың керек болгон жумуштарды берип жатышты”,- деп айтып берди Адилет.

Бир жылдан ашык убакыт мурун жакшы жүрүм-туруму үчүн жана алган грамоталары үчүн аны жатак абакка которушкан. Ал жерде түрмөдөгүдөй катаал тартип жок, жакындары менен көрүшүүгө мүмкүнчүлүк бар. Жатак абакта ал электрик кесибин үйрөнгөн. Анткени ал жашоого башкача көз-караш менен карай баштаган. Адилет оңолуу жолунда бара жатат жана жаштарды эмоцияга алдырбоого, адил жолдо жүрүүгө жана билим алууга умтулууга чакырат.

Scroll to Top