«Клооп» басылмасын жабуу үчүн прокуратура сотко кайрылды

«Клооп» басылмасын жабуу үчүн прокуратура сотко кайрылды

Бишкек шаардык прокуратурасы «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу боюнча Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу аталган басылма жазып чыкты.

Бул маалыматта Бишкек шаардык соту ырастап, иш Октябрь райондук сотунун өндүрүшүнө алынганын билдирди.

Маалыматка караганда, прокуратура доо арызында «Клооп Медиа» массалык маалымат каражаты катары каттоодон өтпөгөнүн, уставында ал нерсе көрсөтүлбөгөнүн билдирген.

Бирок «Клооп Медиа» уставында «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү» көрсөтүлгөнүн белгилөөдө.

Эскерте кетсек, «Клооп Медиа» коррупция, адам укуктары, бийлик адамдары жана алардын жакындары аралашкан күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөлөрдү жасап келет. Ал үчүн бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>