Бишкекте Палестинанын элчилигин ачуу пландалууда

Бишкекте Палестинанын элчилигин ачуу пландалууда

Кыргызстанда Палестинанын элчилигин ачуу пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-августта ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен Кыргызстанга расмий сапар менен келген Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Маликинин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуусу, кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланган. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кыргыз-палестин өкмөттөр аралык комиссиясын жана Ишкерлер кеңешин түзүү боюнча иш алып баруу ниетин билдирген.

«Аны менен бирге саламаттыкты сактоо, маданият жана айыл чарба тармактарында, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин жана улуттук маалымат агенттиктеринин ортосунда кызматташуу боюнча эки тараптуу документтерге кол коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда министрлер Бишкекте Палестинанын элчилигин ачууну макулдашкан. Кулубаев аталган маселеде ТИМ Палестина тарапка көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айткан. Ошол эле учурда Кыргызстан өзүнүн чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн бирине Палестинадагы элчилик милдетин жүктөп, тиешелүү түрдө аккредитациядан өткөрүүнү пландап жатканын билдирген.

Жолугушуу учурунда эл аралык жана аймактык күн тартиптеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Палестина, Афганистан жана башка өлкөлөрдөгү кырдаал боюнча кеңири пикир алмашуу болгон.

«Мындан тышкары, Кыргызстан менен Палестинанын Бириккен Улуттар Уюму, Ислам кызматташтык уюму жана ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташуусу сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги маанилүү маселе болду.

Кыргыз тарап боордош Палестина элин эл аралык аренада колдой турганы, Палестина — Израиль жаңжалынын эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринин жана нормаларынын, БУУнун жана ИКУнун тиешелүү резолюцияларынын негизинде адилет жана тынчтык жолу менен жөнгө салынышын жактай турганы белгиленди», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>