Милиция: Токтогулда талаада маңзат чогултуп жүргөн эки жаран кармалды

Милиция: Токтогулда талаада маңзат чогултуп жүргөн эки жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда талаада баңгизат чогултуп жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан район аймагындагы талаадан ири өлчөмдө баӊгизатын чогултуп жаткан жарандар тууралуу ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында район аймагындагы талаадан салмагы болжол менен 63 кг түзгөн өзгөчө кескин жыты бар баӊгизатын чогултуп жаткан жеринен Токтогул районунун 41 жаштагы К.С. жана 35 жаштагы Б.А. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>