КМШ 2030-жылга чейинки радиоактивдүү калдыктар менен иштөө стратегиясын бекитти

КМШнын Экономикалык кеңеши 2030-жылга чейинки мезгилге радиоактивдүү калдыктар, иштетилген өзөктүк отун менен иштөө жана өзөктүк-радиациялык кооптуу объектилерди пайдалануудан чыгаруу чөйрөсүндө катышуучу-өлкөлөрдүн кызматташтыгынын негизги багыттарын бекитти.
Документ «Росатомдун» Отун дивизионунун башкаруучу компаниясы болгон «ТВЭЛ» тарабынан даярдалган. Компания ошондой эле бул багыттар боюнча КМШнын базалык уюмунун милдеттерин аткарат.
Бекитилген стратегиянын артыкчылыктуу багыттарынын арасында – улуттук мыйзамдарды жакындаштыруу, тармактык инфратүзүмдү өнүктүрүү, өзөктүк жана радиациялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле илимий-технологиялык кызматташтык жана кадрларды даярдоо бар. Экономикалык механизмдерди киргизүүгө, экологиялык аспектилерге жана эл аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Документ ошондой эле технологиялар менен алмашууну, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана тармакка инвестиция тартууну карайт. Макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууну базалык уюм координациялайт.
Маалымат үчүн:
2021-жылы КМШнын Экономикалык кеңешинин чечими менен «ТВЭЛ» АКы КМШга мүчө мамлекеттердин иштетилген өзөктүк отун, радиоактивдүү калдыктар менен иштөө жана өзөктүк-радиациялык кооптуу объекттерди пайдалануудан чыгаруу маселелери боюнча базалык уюму болуп дайындалган. Базалык уюм КМШга мүчө мамлекеттерге көп тараптуу жана эки тараптуу кызматташтыктын алкагында аталган тармактардагы милдеттерди комплекстүү чечүүдө жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууда көмөк көрсөтөт.
«ТВЭЛ» АКтын өзөктүк-радиациялык кооптуу объектилерди пайдалануудан чыгаруу жана радиоактивдүү калдыктар менен иштөө боюнча директору Эдуард Никитин белгилегендей, бекитилген чараларды ишке ашыруу өзөктүк материалдар менен иштөөнүн коопсуздугун жогорулатууга, объекттерди пайдалануудан чыгаруудагы финансылык жана инфратүзүмдүк тобокелдиктерди азайтууга, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн тармактык уюмдарынын ортосундагы кооперацияны күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
Анын айтымында, биргелешкен демилгелерди өнүктүрүү инвестицияларды тартууга жана аймактагы атомдук энергетикага болгон ишенимди жогорулатууга да өбөлгө түзүшү мүмкүн.